7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курманкул Зулушев менен Улан Ниязбеков аймактарды кыдырат

796

Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков 6-июлдан аймактарды кыдырат. Маалыматты президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкө аймактарына болгон жумушчу сапарында жер-жерлердеги жашоочулар менен жолугуп, алардын көпчүлүгү соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразылыктарды айтышкан.

Мындан улам президент башкы прокурор менен ички иштер министрин чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.

Зулушев менен Ниязбеков алгач Кыргызстандын түштүк аймагы Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барышат. Андан кийин Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

797