1-сентябрь, жекшембиде, күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +22…+27, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө +26…+31, Баткен облусунда +25…+30 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында күндүн табы +27…+29, Ош калаасында +28…+30 градуска көтөрүлөт.