7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак биргелешкен индустриалдык соода-логистикалык комплексин курууга капсула салынды

779

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында биргелешкен кыргыз-казак индустриалдык соода-логистикалык комплексин «Ак-Тилек» (Кыргызстан) жана «Кара-Суу» (Казакстан) автожол өткөрмө пункттарынын аймагында курууга капсула салынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кеңейтилген курамдагы жолугушуусунда жыйындын катышуучуларына аталган комплекстин курулушуна капсула салуу аземинен видеотасма көрсөтүлдү.

Капсула салуу аземи Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьер-министри — Соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун катышуусунда өтүп, алар Мамлекет башчыларына комплекстин курулушу тууралуу  белгиленген план боюнча отчет беришти.

Аталган индустриалдык соода-логистикалык комплекстин базасында келечекте сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, консерваланган төө буурчакты чыгаруу, этти кайра иштетүү, бээнин сүтүнөн капсула түрүндө жасалган биоактивдүү кошумчаларды жана фармецевтикалык препараттарды, кийим-кечелерди жана башкаларды чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

780