7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында каза болгондор эскерилди

689

Бүгүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуялардын бир жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Митинг-реквием баатыр-чек арачылардын күмбөзүнө гүлчамбар коюу менен башталды. Каза болгон жоокерлерге багыштап куран окулду. Иш-чаранын катышуучулары аларды бир мүнөткө унчукпай туруп эскеришти.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Өз өмүрүн курмандыкка чалып мамлекетибиздин чек арасын коргогон баатыр-чек арачыларга терең таазим. Алардын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болуп саналат. Ар бир эле адам баатыр боло албайт . Ал үчүн тайманбас, эр жүрөк жана Мекенди чексиз сүйүү керек», — деди.

Бир жыл мурун, 2022-жылдын 16-сентябрында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кагылышууда 51 аскер кызматчылары курман болгон, алардын 42си чек арачылар эле. Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоого өз өмүрүн курмандыкка чалган бардык аскер кызматчыларынын эстутумун түбөлүккө калтыруу максатында төрт чек арачы — танк экипажынын үч мүчөсү жана лейтенант Д.Анарбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жерге берилген. Каза болгон аскер кызматчыларына коюла турчу эстеликтин эскиздеринин долбоорлору иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүлдү. 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

690