7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады

295

Быйылкы 2024-2025-окуу жылынын башталышында 1-класстын мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады. Жалпы билим берүүчү мекемелердин 1-4-класстарына биринчи сабак “Билим – бул күч” темасында өтүлөт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, сабак Кыргызстандын түптөлүшүнө жана билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар, билимдин маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүү максатын көздөйт.

Ал эми 5-11-класстын окуучуларына биринчи сабак “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында өткөрүлөт.

Анда Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөөдө Кыргыз автономиялуу облусун түзүлгөндүгүнүн мааниси түшүндүрүлүп, азыркы мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар жөнүндө маалымат берилет.

296