7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта төрт тилкелүү жол колдонууга берилди

412

Бүгүн, 31- октябрда Ош облусунун Ноокат районунда узундугу 6 чакырымды түзгөн 4 тилкелүү жол реконструкциядан кийин колдонууга берилди.

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев жана жергиликтүү жетекчилер жана тургундар катышты.

Ноокат шаарын аралап өткөн Ош — Баткен — Раззаков эл аралык маанидеги автоунаа жолу 4 тилкелүү болуп, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуарлар 80 пайыз жасалды. Калганы 10-ноябрга чейин жасалып бүтөт. Курулуш иштеринде 50гө жакын атайын техника иш алып барды.

Белгилей кетсек, Кыркол-Сай көпүрөсүнүн реконсрукция иштери 80 пайызга аяктап, 10-ноябрга чейин ишке берилсе, 43 чакырымды түзгөн Чили-Сай көпүрөсү менен 63 чакырым узундуктагы Абшыр-Сай көпүрөлөрү толугу менен жасалып бүттү.

413