Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташевди кабыл алды.
Жолугушууда өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин өнүктүрүү маселелери, ошондой эле Журналисттер союзунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу жаатындагы сунуш-пикирлер талкууланды.
Нурланбек Шакиев өзү да өмүр бою журналистика тармагында эмгектенип келгенин белгилеп, аталган тармакка байланышкан маселелер менен жакындан тааныш экендигин кошумчалады.
“Журналисттер маалыматтарды ыкчам таратуучу кызматты гана аркалабастан, коомду агартып, бийлик менен элдин байланыштырган көпүрөлүк милдетти да аркалайт. Андыктан, ар бир журналист ишине чоң жоопкерчилик менен карап, акыйкат менен бейтараптуулукту бекем карманышы зарыл”, – деди төрага Шакиев.
Ошондой эле башкы мыйзам чыгаруучу орган катары Жогорку Кеңеш журналисттер менен ар дайым тыгыз кызматташып, жакындан иш алып барып келе жатканын белгилеген төрага: “Биздин парламентте журналисттер үчүн түзүлгөн шарттар башка айрым өнүккөн өлкөлөрдүн парламенттеринде жок. Аккредиттөөдөн өткөн ар бир журналистке эшигибиз дайыма ачык. Коридордон болобу, кабинеттен болобу, ал тургай жыйын учурунда да чакырып, депутаттардан каалаган суроосуна жооп ала алышат”, – деди.
Муну менен катар Нурланбек Шакиев депутаттар менен журналисттер ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү максатында иштен тышкары да маданий-спорттук иш-чараларды, ар кандай жолугушууларды өткөрүү сунушун айтып, жакынкы аралыкта Журналисттер союзу менен биргеликте иш-чараларды уюштуруу маселесине токтолду.
Андан тышкары, Журналисттер союзун жаңы багытта, жаңы көз карашта иш алып барууга чакырган төрага медиа өкүлдөрүнүн кесипкөйлүгүн арттыруу менен алардын ишин жакшыртуу жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн кошумчалады.
Өз кезегинде Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев өзү жетектеген бирикменин учурдагы жасап жаткан иштери тууралуу кеңири кеп кылып, алдыдагы пландары менен да бөлүштү.
Эскерте кетсек, Илязбек Балташев үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өткөрүлгөн Журналисттер союзунун Х съездинде аталган бирликтин төрагасы болуп шайланган.