7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Октябрда бир ай бою мода жана эстетика көргөзмө-сынактары өтөт

598

BURANA FASHION WEEK эл аралык мода жумалыгынын юбилейлик сезонуна карата “Мода индустриясы” компаниясы жана “Подиум Кыргызстан” мода журналы  1-октябрдан 31- октябрга чейин “Мода жана эстетика” айын өткөрүүгө даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу BURANA FASHION WEEK эл аралык мода жумалыгынын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу Назира Бегим кабарлады.

Кыргызстандык жана чет элдик дизайнерлер үчүн “Жыл мезгилдери” аталыштагы тема берилди.

Программанын алкагында бир ай бою Мода жана эстетика дүйнөсүнө байланыштуу иш чаралар өтөт. Алар,

  • башталгыч жана жаш дизайнерлер арасында атайы сынак;
  • өзгөчө кийимдер көргөзмөсү;
  • жергиликтүү жана чет элдик дизайнерлерден эксклюзивдүү кийимдер коллекциясы;
  • кол өнөрчүлүк жарманкеси;
  • мастер-класстар, семинар, бизнес-жолугушуулар;
  • street-style;
  • Подиум Кыргызстан журналынын тандоосу менен Мода чөйрөсүндөгү мыктыларга сыйлык тапшыруу аземи;

30-октябрда атайы чоң Кайрымдуулук кече, сыйлык тапшыруу аземи, балдар коллекциясынын ошондой эле онкология борборунун балдары тарткан сүрөт көргөзмөсү менен жыйынтыкталат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө Италия, Индия, Түркия, Египет, Туркестан, Өзбекстанга атайы мода жумалыктарына жана саякатка жолдомолор берилип, баалуу сыйлыктар тапшырылат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

599