7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Италиянын ишкер жана чыгармачыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

363

Президент Садыр Жапаров 3-октябрда, Италия Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана маданият ишмерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, Кыргызстандын негизги тармактарына инвестиция тартуу, ошондой эле эки өлкөнүн маданий байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы бизнес жана маданият мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоонун куралы катары маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстандын италиялык ишкерлер жана инвесторлор менен өнөктөштүккө кызыкдар экенин белгиледи.

Президент Кыргызстан Италия менен өз ара аракеттенүүнү ар тараптуу бекемдөөгө, биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди илгерилетүүгө ниеттенип жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Италиянын ишкер жана чыгармачыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, соода, өнөр жай, туризм жана маданият өңдүү тармактарда өз ара аракеттенүү үчүн олуттуу потенциалды белгилешти.

Италиянын бизнес-коомчулугу Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга жана ар кыл тармактарда алдыңкы технологиялар менен тажрыйба алмашууга даяр экендигин баса белгилешти. Жолугушууда эки өлкөнүн маданий байланыштарын, анын ичинде искусство, кино, музыка жана театр тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу чыңдоонун маанилүүлүгү да белгиленди.

 

364