7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров таштандыны күндүзү эмес, түнү алып чыгууну өтүндү

673

Бейиштин төрүндөй болгон жаратылышыбызды келечек муундарга көздүн карегиндей сактап, таза өткөрүп берип кетеличи мекендештер! Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Учурдан пайдаланып, Бишкек, Ош жана башка шаарлардын мэрлеринин суранычын эсиңиздерге сала кетейин.

Урматтуу шаар тургундары!

Таштандыны кеч киргенден баштап түнкү саат 24:00 гө чейин таштап берсеңиздер.

Түнү менен таштанды тазаланат. Көпчүлүк эртең менен таштанды таштаганга көнүп калышкан.

Ошондуктан эртең менен эмес, түнкү саат 24:00 гө чейин таштанды таштаганга үйрөнсөңөр, күндүз кечке таштанды салган челектер таза турмак. Шаарларыбыз таза болсо өзүңөргө эле жакшы эмеспи”,- дейт өлкө башчы.

674