7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокурордун жардамчысы менен жактоочусу пара алып жатканда кармалды

321

Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы жана жактоочу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы ишенимдүү адвокат аркылуу айыптоонун квалификациясын жеңилдетүүчү жагына өзгөртүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн пара алгандыгы аныкталды.

Башкы прокуратуранын Ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте тергөө-ыкчам иш-чаралар комплекси жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кылмыш ишинин фигурантынан 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган Ш.Н.Ж. аттуу жактоочу кармалган. Ал акчаны Жайыл районунун прокурорунун жардамчысына кылмыш ишинин беренелерин анча оор эмес беренеге жеңилдеткендиги үчүн пара катары өткөрүп берген.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен адвокат «пара берүү», прокурордун жардамчысы «пара алуу» беренеси менен айыпталган. Учурда бул кылмышты жасоого башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

322