7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиялык министр Жапаровго балдар үчүн 150 орундук сертификат тапшырды

619

Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов Президент Садыр Жапаровго эл аралык “Артек” балдар борборуна республикалык балдар үчүн 150 орундук сертификат-жолдомосун тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, билим берүү багытында тажрыйба алмашууну күчөтүү максатында Кыргызстандын мектептерине орус мугалимдерин тартуу программасын кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди. Бүгүнкү күндө 29 орус мугалими Ош шаарындагы мектептерде иштеп жатышат.

Мындан тышкары, Сергей Кравцов Кыргызстандын айыл жерлеринде мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна кызыкдар экенин жана анын маанисин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров эки министрликтин билим берүү жаатындагы тыгыз кызматташтыгы мындан ары да улантыларына үмүт артарын айтып, Россиянын Президенти Владимир Путинге өлкөнүн билим берүү системасын колдогону үчүн ыраазычылыгын билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

620