Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда расмий сапар менен Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) жөнөп кетти.
Расмий сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө, алардын жүрүшүндө кыргыз-италиялык өз ара мамилелердин бүтүндөй комплекси жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Таалай Базарбаев;
— Башкы прокурор Максат Асаналиев;
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
— Юстиция министри Аяз Баетов; — президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;
— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
— Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев.