7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Италиянын Министрлер Кеңешинин төрайымы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

374

Президент Садыр Жапаров, 3-октябрда, Италия Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Италия Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн алдында Киджи Сарайында расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони ардак кароолдун катарын өтүп, чогуу сүрөткө түшүштү.

Андан соң сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, ошондой эле инвестиция, энергетика, транспорт, логистика, туризм жана башка негизги багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн перспективалары боюнча пикир алмашуу болду.

Италиянын Премьер-министри Джорджа Мелони Президент Садыр Жапаров менен учурашып жатып, бул сапар кыргыз-италиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.

Ал Италиянын Кыргызстан менен байланышты бекемдөөгө даярдыгын ырастады.

Президент Садыр Жапаров Джорджа Мелониге Италия жеринде жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Менин расмий сапарымдын негизги максаты – Кыргызстан Италиянын ишенимдүү өнөктөшү экендигин тастыктоо. Биз Италия менен достук мамилелерди жогору баалайбыз жана аларды мындан ары чыңдоого умтулабыз”, — деп Кыргызстандын Президенти белгилеп, өзүнүн жеке чечкиндүүлүгүн жана өз командасынын эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон чечкиндүүлүгүн ишендирип өттү.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстан туруктуу өнүгүү багытында жигердүү иштеп жатканын, өлкөнүн жашоо-турмушунун дээрлик бардык негизги багыттарында реформалар жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ал бүгүнкү күндө башкы милдеттердин бири — эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана чет элдик инвестицияларды тартуу экенин кошумчалады. Бул жагынан Италия Кыргызстан үчүн келечектүү өнөктөштөрдүн бири болуп саналат.

Сүйлөшүүнүн аягында Президент Садыр Жапаров Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелонини Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

375