7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токио Олимпиадасына даярданып жаткан Угандык спортчу дайынсыз болууда

736

Токио Олимпиадасына катышууга Япониянын батыш аймагында машыгып жаткан Угандык спортчу дайынсыз жоголду. Бул тууралуу «Kyodo» басылмасы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 20 жаштагы Джулиус Ссекитолеко коронавируска анализ тапшыруу алдында дайынсыз жоголгон. Шериктери аны акыркы жолу кечээ 16-июль түшкү саат 12:30 да көрүшкөн.  Жергиликтүү бийлик менен милиция спортчуну издөө иши жүрүп жатканын билдирген.

Бул кырдаал Олимпиада уюштуруучуларын тынчсыздандырууда.  Анткени вируска каршы иш-чараларга байланыштуу,  спортчулар коомдук жайларга барып, жергиликтүү эл менен жолугушуусуна тыюу салынган.

Угандын спортчулары Японияга 19-июнда эле барып, Олимпиадага даярдык көрүп жатышкан. Делегациянын ичинен 2 жарандан коронавирус табылганы айтылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

737