7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Вакцина алгандан соң күнгө көп туруп калса аллергия болушу ыктымал

622

Жайкысын COVID-19га каршы вакцина алгандан кийинки негизги эрежелер тууралуу Пульмонолог Сергей Пурясев айтып берди.

Маалыматка караганда, эмделгенден кийин күнгө күйбөш керек.

«Жайкысын ачык асман алдында күнгө какталуунун вакцина албаган учурда деле зыяны көп. Мындан тери бир топ жабыркайт. Ал эми эмделген адамдар күнгө көпкө туруп калса, аллергия болушу мүмкүн», — деди дарыгер.

Адистин айтымында, вакцинадан кийин антитело иштелип жаткан учурлар өтө маанилүү. Бул биринчи дозадан кийинки үч апта, экинчи дозадан кийинки эки апталык убакыт.

«Андыктан эс алууга барууну пландап жатсаңыз, вакцинаны эртерээк алууга аракет кылуу керек. Андай мүмкүнчүлүк болбой, эмделери менен жөнөп кетсе күнгө көп чыкпоо зарыл. Эгер көлгө барса, жээкте күндүз 10-11ге чейин болуп, кечкисин саат 18.00дөн кийин чыккан туура», — деди Пурясев.

Белгилей кетсек, адис күн ысыкта вакцина алгандан кийин адам жанына аллергияга каршы препараттарды ала жүргөнү туура экенин кошумчалады.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

623