7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилип жатат

344

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык келерки жылдын жазында Баткен облусунун Зардалы айылына баруучу жолдун курулушу башталат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзөв билдирди.

“Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Учурда алыскы айылга алып барчу жол жыл сайын май-июнда ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.

Эске салсак, Мамлекет башчысы Зардалыга үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында барып, айыл тургундарынан кабар алган.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар орчундуу көйгөй катары унаа жолун жасап берүү өтүнүчүн айтышкан. Президент Садыр Жапаров Зардалыга бара турган жолдун салынышы 2025-жылы жазында башталарын билдирген”,-деди ал.

 

345