«Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык башкы балатыны жандыруу аземи 14-декабрь күнү саат 18:30да өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Быйыл Ала-Тоо аянты трансформацияланат. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аянт кеңейтилип, ар бир адам эс ала тургандай эс алуучу жайлар көбөйдү.
Майрамдын жүрүшүндө конокторго оюн-зоок иш-чаралары, музыка жана бий спектаклдери көрсөтүлүп, аниматорлор өз өнөрлөрүн тартуулайт. Балдар үчүн мастер-класстар жана муз тебүү аянтчасы уюштурулат.
Мындан тышкары, ар кандай тамак-аштарды жана суусундуктарды сунуштаган тамак-аш зонасы болот.