7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеке маалыматтарды коргоочу агенттик түзүлдү. Министрлер кабинети башкарат

580

14-сентябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү жарлыгына өзгөртүү киргизди. Ага ылайык,  Министрлер кабинетинин алдында Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү.

«Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамга ылайык, агенттик “жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, алардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат” деп белгиленди.

Жеке маалыматтарды коргоо – тигил же бул адамга байланыштуу маалыматтарды коргоого багытталган техникалык, уюштуруу иш-чараларынын комплекси.

Министрлер кабинети жөнүндөгү жарлыкка быйыл 5-майда кол коюлган. Анын негизинде Кыргызстанда 14 министрлик, эки комитет, үч агенттик жана бир кызмат түзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581