7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде бир адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түштү

406

Кемин районунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түшкөн. Ал ооруканага 15-майда жаткырылган.

Ветеринардык кызматтын, Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун адистери менен биргеликте аталган айылга барып, эпизоотиялык жана эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүп, союлган малдан лабораториялык изилдөөгө үлгү алынып тапшырылган. Учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Акыркы диагноз лабораториянын жыйынтыгы менен коюлат.

Белгилей кетсек, союлган мал күйдүргү оорусуна каршы эмдөөдөн өткөн. Кемин районунда күйдүргү жарасы боюнча эпизоотияга каршы иш-чаралардын планы белгиленген мөөнөттө 162%га аткарылган.

Кемин районунун Кароол Дөбө айылынын аймагы күйдүргү жарасынан таза, анткени мурда ылаңдын очогу катталган эмес.

Бүгүнкү күндө жеринде ооруга каршы ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө, күйдүргү жарасы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу, малдар арасында ылаңдаган жана күмөндүү жагдай аныкталган жок.

Министрлик учурда күйдүргү жарасына каршы пландуу эмдөө үчүн Ветеринардык кызматтын резервинде 846 мин 489 доза вакцина бар экенин билдирет.

407