7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алагөзов Россияда эмгектенген мекендештерди Кыргызстанга келип иштөөгө чакырды

420

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Россияда тигүү тармагында иштеп жүргөн кыз-келиндерди, курулуштагы эркектерди Кыргызстанга келип иштөөгө чакырды.

Ал учурда аталган тармактарда жумушчу күч жетишпей жатканына токтолгон.

«Азыркы тапта Кыргызстанда тигүү тармагында да, курулушта да жумушчу күчтөрү жетишпей жатат. Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы-маяналар Россияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот. Эң башкысы Ата Мекениңерде, өз үй-бүлөңөрдүн жанында иштеген жакшы эмеспи. Келиңиздер, өз жерибизде иштеңиздер»,- деди ал.

Байланышып, суроолор жаралса жооптор бериле турган төмөнкү телефон номерлерди да калтырган: 1899 (Кыргызстан ичиндеги чалууларга) жана 0559189900 (WhatsApp).

 

 

421