7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Битир-садаганы тиркемелер аркылуу берсе болот

176

Муфтият Кыргызстан коммерциялык банкы ААК (Mbank), «РСК Банк» банкы жана «Альфа Телеком» ЖАК (MegaPay) менен биргеликте жарандар үчүн 2024-жылдагы битир-садаганы берүүнүн санариптик системасын иштеп чыкты.

Жарандар битир-садаганы жана зекетти берүүдө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын банктардагы эсептик счётторуна банкоматтар, терминалдар жана мобилдик тиркемелер аркылуу беришсе болот. Колдонуучулардын битир-садага, зекет сыяктуу кайрымдуулук төлөмдөрү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

Битир-садаганы мобилдик капчыктын жардамы менен кантип төлөөгө болот?

1-кадам: MegaPay, Mbank же РСК банк тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алуу;

2-кадам: «Кайрымдуулук» бөлүмүнө кирүү;

3-кадам: Битир-садага, зекет же жетим балдарга бөлүмүн тандоо;

4-кадам: «Реквизиттер» сабына кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.

Белгилей кетсек, быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Базар баасы менен алганда ар бир адамга 50 сомдон эсептелди.

Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Базар баасы менен алганда мейиз – 680 сом, ун – 75 сом, арпа 85 сом болсо, курманын баасы 850 сомду түздү.

Белгилей кетсек, битир-садага берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

 

177