7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү оюну боюнча «Нооруз-2024» турнири башталды

551

Бишкекте “Ак-Кула” ат майданында көк бөрү оюну боюнча «Нооруз-2024» Республикалык мелдеши старт алды. Оюндар төрт лигага бөлүнүп өтүүдө.

Алар:
— Жогорку лига (6 команда);
— Биринчи лига (12 команда);
— Экинчи лига (16 команда);
— Легендалар лигасы (6 команда).

Турнирдин алгачкы күнү экинчи лиганын оюндары менен башталды. Ал жакта 16 команда төрт тайпага бөлүнүп, оюн көрсөтүшүүдө. 15-марттан тарта Легендалар (ардагерлер) жана Биринчи лиганын оюндары башталат. Ал эми 16-марттан баштап Жогорку лига катарга кошулмакчы.

Салтанаттуу ачылыш аземи 15-март, ал эми финалдык оюндар 21-март күнү өтөт.

552