Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын жана Өзбекстандын улуттук курама командаларынын ортосундагы футбол беттешине катышты.
Бул матч 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өттү.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстанга 2:3 эсебинде утулуп калды.