7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соода түйүндө кызды жаакка чапкан жаран, ИИМдин мурдагы бөлүм башчысыбы?

3828

Социалдык тармактарда Бишкектеги соода түйүндөрдүн биринен жашы ортолоп калган жаран жанындагы кызды жаакка чаап салгандыгы тууралуу видео тарап, коомчулуктун кыжырын кайнатты. Ал эми айрымдары тасмадагы жабырлануучу Элина Дедерерге кол көтөргөн жаран Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Палмир Орозбеков экендигин айтышууда.

Жабырлануучунун айтымында, ал банкоматтан акча чыгаруу үчүн Токомбаев көчөсүндө жайгашкан соода түйүнүгө кирген. Жанындагы эркек кишиге аралыкты сактоону суранган. Ал эми шектүү жабырлануучуну жаакка чаап салган.

Видео соода жайынын видеокөзөмөлүнө түшүп калган.

Окуя боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон. Бирок, РИИБ  шектүүнүн ким экендигин ачыктаган жок.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3829