7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияга турмушка чыккан кыргызстандык келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөн

17680

Кечээ, 12-октябрь Түркиянын Текардаг шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөң Кыргызстандык жаш келиндин  жансыз денеси таштанды урнасынан табылган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Полиция ошол эле күнү,маркумдун өлүмүнө шектүү катары 65 жаштагы кайын атасын кармаган. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында маркум келин кыргызстандык 31 жаштагы  А.Аят болуп чыкты. Ал Түркиянын жаранына турмушка чыгып, 2 балалуу болгон. 

Окуя катталган күнү жолдошу үйүндө жок болгон, 65 жаштагы кайын атасы Фехми менен чырдаша кетип, анын колунан каза тапкан.

Полиция, шектүү маркумду бычактап өлтүрүп, денесин бөлүк-бөлүтөргө бөлүп, жарымын таштанды таштоочу урнага ыргытып, жарымын унаанын багажында сактаганын билдирген.

Ошол учурда маркум келиндин кайын энеси үйүнө барып, кошуналарын жардамга чакырган. Кошуналары полиция кызматкерлерине кайрылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

17681