7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Варламов: Россия башкалардан талап кылгандай мигранттарга коопсуздук түзүп бердиби?

6407

Россиялык блогер Илья Варламов  Кыргызстанда орус тилдүү жарандар менен болгон окуяларга байланыштуу айтылып жаткан сөздөр боюнча телеграм-каналына пикирин жазды. Ал нааразы болуп жаткан адамдар тез арада чара көрүүнү, орус калкын коргоону талап кылып жатканын белгилеп, ошол эле учурда «Орусиянын өзүндө жагдай кандай?» деп суроо салган.

«Мен улутчул адамдарды жактырбайм, кыргыз, казак, орус болбосун. Орустар кайсы жерде болсо да өзүн коопсуз сезип, орус тилинде сүйлөгөнү үчүн эч ким сөз айтпашын каалайм. Ошол эле учурда, биз орустарга Мекенинде жакшы мамиле кылуусун каалагандай эле кыргыз, өзбек, казактар Россияда өзүн ыңгайлуу сезишин каалайм», — деп жазган.

Варламов Орто Азиядан келген адамга Орусияга келгенде, аэропорттон эле начар мамиле жасаларын белгилеген.

«Орто азиялыктар эле эмес, биздин россиялык якут, бурят, калмактардан: «Иштериң кандай?» — деп сурап көргүлөчү. Аларга биздин Мекенибиздин борборунда канчалык сый мамиле кылышат? Батирди ижарага алуу оңой бекен? Полиция көзүнүн түсү башкача болгону үчүн эле текшере бербейт бекен?», — деген ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6408