7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  

Курсы валют:

84,79
USD 0,00%
100,76
EUR 0,00%
1,16
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
25°C

День: 21.07.2021

Токиодо Олимпиадасында Кыргызстандын желегин Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат

Токио 2021 жайкы Олимпиада оюндарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин курама команданын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгаары белгилүү болдду. Эске салсак,  Кубанычбекова — Олимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин көтөргөн

Баткендеги селден 50 кожолук турак жайсыз калып, чатырга көчүрүлдү

Кечээ, 20-июль Баткендин Кадамжай, Баткен, Лейлек 3 районунда жамгырдан кийин турак үйлөрдү сел каптаган. Жеринен кабар берип жаткан 7-каналдын кабарчысы Айжамал Мырзадөөлөт кызы сел 107 үйдү каптагандыгын,

Карашев: Мыйзам долбоорун «туура эмес кетип калыптыр»-деп, Ош базарында жүрөсүңөрбү?

Бүгүн, 21-июль Жогорку Кеңеш «Баткен облусуна атайын статус берүү» мыйзамынын долбоорун экинчи окууда карады. Анда , депутат Аалы Карашев мыйзам долбоорунун расмий тилде жазылган пукттарында одоно каталар

Көк-Жардагы Панорамадан 30 жаштардагы аялдын жансыз денеси табылды

Бишкек шаарынын Көк-Жар айылына жакын жайгашкан Панорамадан 30-35 жаштар чамасындагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу күч түзүмдөрү билдирет. Айыл тургундарынын айтымдарына ылайык, ал тоонун чокусунан

Өлкөдө 24-27-июлга чейин күн ысып, аймактарда сел жүрүшү күтүлүүдө

Кыргызстандын аймагында 21-23-июль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Маалыматка ылайык, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. «Синоптиктер 24-27-июлда аномалдык ысык болот

Ысык-Көлгө эс алууга кеткен жаран, Түптөгү токойдо асылып каза болгон

7-июлда Бишкек шаарынан Чолпон-Атага эс алууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 31 жаштагы Н.К.нын (эркек киши)  жансыз денеси табылды. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы тастыктады. Буга чейин

Марипов Баткендин сел каптаган айылдарына барды

Президентинин тапшырмасы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет. Ал селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу

Москвада кайрадан мигранттардын массалык мушташы катталды

Апрелевкада жайгашкан турак үйдүн короосунда гастарбайтерлер катышкан дагы бир массалык мушташ катталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Укук коргоо органдарынын айтымында, жаңжал 18-июлга караган түнү болуп,

Акматалиев: «Кумтөрдүн мүлкүнө арест коёбуз» дегенине сот уруксат берген жок

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Центерранын “Кумтөрдүн мүлкүнө арест коюу” боюнча арызы канааттандырылбай калганын Facebook баракчасына жазган. “Нью-Йорктон жакшы кабар келди бүгүн! Центерра

Кытайдын борборун суу каптап, каттамдар токтоп, тургундар изделүүдө

Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кытайдын борбордук провинцияларында катуу суу ташкыны катталып, темир жол станциялары жана жолдор суу астында калды. Би-Би-Синин жаңылыктарына ылайык, ондон ашуун шаарды суу каптап,

Фото\ Сузактагы селдин кесепети, дамбанын жарылышы териштирилет

Кечээ, 20- июль Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катуу жааган жамгырдан, Кара-Дарыянын суусу ташкындап бир нече айылдарды сел каптады. Жеринде куткаруучулар, атайын комиссия иш алып барууда. Алар менен

Афганистанда айт намазын окуп жаткан президенттин сарайына ракета атылды

Кечээ, 20-июлда саат 8:00 чамасында Афганистандын борбору Кабул шаарындагы президенттин сарайына белгисиз тараптан 3 ирет ракета жардырылды. Анда президент жана башка мамлекет башчылары Курман айт намазын окуп

«Кыргызстан кабардар болгон эмес» Нью-Йорк соту Центерранын арызын четке какты

Нью-Йорктун банкрот иштери боюнча судьясы 19-июлда «Kumtor Gold Co» компаниясы боюнча ишти карап, тыюу салуудан убактылуу баш тартты. Бул иш АКШнын Банкрот жөнүндөгү кодексинин 11-беренеси (реорганизация) менен

#Идея/ Соң-Көлдөгү эң оригиналдуу мейманкана

Дүйнөдөгү эң кичине, өзгөчө мейманкана, Кыргызстандын Соң-Көл жайлоосунун жээгинде ачылды. Деңиз деңгээлинен 3016 миң метр бийиктикте жайгашкан мейманкана, туристтердин кызыгуусун арттырбай койбойт. Көлдүн жээги, айланасын тоолор курчаган 

Нарында жашыруун майнинг ферма иштеткен жаран кармалды

УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Наарын шаарында мыйзамсыз иш алып барган майнинг ферманын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы

Эми ар бир мамлекеттик кызматкер гимнди жатка билүүгө милдеттүү

Эми мамлекеттик кызматта иштегиси келген ар бир жаран өлкөнүн гимнин жатка билүүгө милдеттүү. Бул тууралуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо

Жер-жемиш ташып бараткан жүк ташуучу камаз оодарылып кетти

Кечээ, 20-июль Бишкек -Ош автоунаа жолунун 406-чакырылышда жер-жемиш жүктөп бара жаткан “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу ӨКМдин ыкчам тобунан билдиришти. Кырсык,Жалал-Абад облусунун

Кадамжайда бир нече айылдарда турак үйлөрдү, жолдорду сел каптады

20-июль күнү катуу жааган жаандан улам Кадамжайдын Көтөрмө айыл өкмөтүнүндө сел жүрдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди. Маалыматка ылайык, саат 18:00дөр чамасында катуу жамгыр жаап, сел жүргөн.